Окуялар
Куткаруучулар Нарын дарыясында агып кеткен адамдын сөөгүн издөөдө

Нарын облусунун Тоголок Молдо айылындагы Нарын дарыясында белгисиз адамдын сөөгү агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жерине төрт куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 14-октябрь күнү издөө иштери улантылат.



