Окуялар

Ошто 19 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

Ошто 19 жаштагы кызды ала качкандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой кечээ, 19-октябрь күнү саат 18:30да Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын тургунунан кабар келип түшкөн. Анда белгисиз жарандар кызды күч колдонуп унаага салып кеткени кабарланган.

Бул боюнча ыкчам-тергөө тобу жарым сааттын ичинде Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылына жеткенде кармалган. Кыз унаанын терезесин ачып «жардам бергиле» деп кыйкырган. Аны уккан кызматкерлер дароо унааны токтотушкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш Ош ШИИБине өткөрүлүп берилген.

Ал эми жабырлануучу 2002-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну К.Ж. Ал эми кызды ала качкандар Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган К. у. А. жана 1996-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургундары болушкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button