Окуялар

Бишкекте эки кабаттуу үй өрттөндү

Бишкектин чет жагындагы Көк-Жар конушунун Арстанбап көчөсүндө эки кабаттуу үйдүн жыгач устундуу темир жабылган 200 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана уктоочу бөлмөсү күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды. Өрт саат 06:21де чектөөгө алынып, 08:00до толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button