Үч облустун Пробация боюнча кеңештеринин 120дан ашык мүчөлөрү аярлуу жаштар менен иштөөнү жакшыртуу боюнча окуудан өтүштү

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын Пробация боюнча кеңештери мыйзам менен чатагы бар жаш адамдарды кайра социалдаштыруунун жана реабилитациялоонун инновациялык механизмдерин окутушту.
“Мыйзам менен чатагы бар балдарды реабилитациялоодо социалдык өнөктөштүк” долбоорунун алкагында Deutsche Botschaft Bischkek Германиянын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен “Оазис” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган семинарларда 120дан ашуун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аярлуу жаштар менен иштөөдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, кылмыштуулуктун алдын алуу, пробациянын кардарларына жардам берүү боюнча баалуу билимдерди алышты.
Пробация боюнча кеңештердин негизги максаты — пробация ишмердүүлүгүн ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө багытталган чараларды координациялоо жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын, коомчулуктун жана башка катышуучулардын аракеттерин бириктирүү жана координациялоо болуп саналат.
Кеңеш эмгек жана социалдык өнүгүү органдарынын; саламаттыкты сактоо, билим берүү, ички иштер, пробация, калкты каттоо жана жергиликтүү бийликти өкүлдөрүнөн түзүлөт. Кеңешке коомчулуктун өкүлдөрү да кириши мүмкүн (аксакалдар соту, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар, эмгек жамааттары же бизнес-жамааттар).
“Оазис” коомдук кайрымдуулук фондунун директору Мээрим Осмоналиеванын айтымында, акыркы эки жылда жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун саны кыйла өскөн.
«14 жаштан 24 жашка чейинки аярлуу жаштардын арасында кылмыштуулуктун өсүшү 30%ды түздү. Ошол эле учурда кылмыш жасаган жаштардын 54% эч жерде иштебейт жана билим берүү системасынан чыгып кеткен. Жада калса Кыргызстандын облустук борборлорунда дагы мыйзам менен чатагы бар балдар үчүн психологиялык жардам көрсөткөн, ишке орношууга жардам берген, окутута турган реабилитациялык борборлор жок», — деди ал.
Семинарларда Кыргыз Республикасында эффективдүү пробация системасын калыптандыруу үчүн, биринчи кезекте, Муктаждыктарды баалоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, ар бир облустун, ар бир райондун калкынын жергиликтүү деӊгээлде социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн талдоо зарыл экени айтылды. Ушул баалоонун негизинде “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык кызматтардын комплекси түзүлүшү керек.
Катышуучуларга ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, мисалы, ведомстволор аралык маалымат алмашуу боюнча келишимди кабыл алуу, ошондой эле ар кандай мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматташуусуна негизделген пробациянын кардарына социалдык колдоо алгоритмин бекитүү сунушталды.
Пробация боюнча кеңештердин мүчөлөрүн окутуу учурунда фонддун программаларынын координатору Жаңыл Жумабаева “тобокелчилик тобунун” балдарын спорт менен жана ар кандай иш -чараларга сөзсүз катыштырууга тартууну сунуштады.
«Жаштар клубдарын түзүү, волонтерлукту өнүктүрүү, спорттук аянтчаларды куруу зарыл. Ошондой эле тобокел тобундагы балдар менен иштөө үчүн насаатчыларды тартуу маанилүү », — деди ал.



