Гүлзат Мамытбек алдамчылык үчүн милиция тарабынан кармалды

Блогер Гүлзат Мамытбек (Гүлзат Алымкулова) кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда ММК басылмалар аркылуу белгилүү болду.
Бул маалыматты Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы да тастыктады. Расмий маалымат боюнча, Гүлзат Мамытбектин үстүнөн арызданган 7 жаран укук коргоо органдарына кайрылган. Алардын айтымында, Г.Мамытбек кыска убакытта үстүнө чоң сумма кошулат деп акча алып, ошол бойдон жашырынып кеткен. Чыгымдын жалпы суммасы — 110 миң сом. Бул факт Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган.
Шектүү болгон Гүлзат Мамытбек 2020-жылдын февралында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 8-июнда анын сыртынан алдамчылыкка шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилген. Ал эми 13-июлда камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарылган. Ага 2020-жылдын 8-августунда издөө жарыяланган.
Кечээ, 25-октябрда шектүү Кыргызстанга келди. Аны Биринчи май РИИБдин кызматкерлери кармап, милиция пунктуна жеткирилген. Убактылуу Бишкек ШИИБдин абагына камакка алынганы белгилүү болду.



