Каракол шаарында аял каза болду. Шектелип, анын жарандык күйөсү кармалды — ФОТО
Каракол шаарында киши колдуу болуп каза болгон аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.
Каракол ШИИБдин 102 кызматына телефон аркылуу кабар түшүп, анда батирдин ичинен аялдын каза болгон сөөгү табылгандыгы жөнүндө маалымдалган.
Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге барышкан шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу, жатуучу бөлмөдө, ушул батирде жашап жүргөн Каракол шаарынын 42 жаштагы тургуну Б.Чнын жансыз денесин табышкан. Сырткы кароо жүргүзү учурунда, каза болгон аялдын денесинде шектүү тактар байкалган. Бул тууралуу
Милиция түшкөн билдирүү, Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун (этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө, анын натыйжасында өзүн-өзү өлтүрүүгө, же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор зыян) алып келген) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү соттук экспертизалар дагы дайындалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, аялдын өлүмүнө шектелип, анын жарандык күйөсү, Ак-Суу районунун 34 жаштагы тургуну А.А. милициянын бөлүмүнө алып келинген. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан, жарандык күйөсүнө Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту менен каралган кылмыш боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирме берилген.

Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен, кылмышка шектелип жаткан А.А. карата эки айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.
Учурда, тергөө иштери уланууда.



