“Дыйкан базары” ачылып, соодагерлерге бекер орундар берилүүдө — ВИДЕО

Бишкек шаарында бир кезде кызуу иштеп жаткан “Дыйкан базары” 2017-жылы жабылып, “Сары Өзөн” базарына көчүрүлгөн. Төрт жылдын кийин, баардык шарты ыңгайлаштырылып, оңдоо-түздөө иштеринен кийин “Дыйкан базары” кайрадан ачылды. Эми айыл-чарба продукциясы арзан баада сатылып мурдагыдай иштейт.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин районунун акими жана “Дыйкан базарынын” жетекчилиги ММК булактарына кенен маалымат берди.
Руслан Тагаев, Ленин районунун акими:
– Бишкек шаарынын тургундарына кайрылам. «Дыйкан» базарга келип айыл чарба продукциясынын баардык түрүнө соода кылсаңыздар болот. Токтогул көчөсүндө, Ош базардын ачык асманда алдында, эч шарты жок жерде жер-жемиш сатып отурган соодагерлер “Дыйканга” келсе болот. Бул жерде орундар бекер, кенен.
Бул “Дыйкан” базарын Бишкек шаарынын тургундары билишет. Себеби, базар мурда абдан жакшы иштеген жана баалары да арзан болчу. Анын бир нече жыл мурун эмне себептен жабылып калганы тууралуу так маалыматым жок. Убагында ал “Сары Өзөн” базарына которулуп кеткен, азыр “Дыйкан» базары кайрадан ачылды, шарты мурдагыдан жакшы. Бул жерде эч кимдин жеке кызыкчылыгы жок. Ленин районунун акиминин же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар деген ойдон алыс болуңуздар. Базарда соодагерлерге жана сатып алуучу кардарларга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Унаалар үчүн атайын орундуктар бар, эч кандай кыйналбай ар кандай унаалар кирип чыгалат. Ошондуктан соода тармакта жүргөндөрдү жана Бишкек шаарынын жашоочуларын базарга чакырабыз.
Орундар кенен. Бул жерде дүңүнөн жана чекене баада баардык жемиштер, жашылчалар сатылат.
“Дыйкан базарынын” жетекчиси Жеңишбек Апсаматов:
-Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борборго жакын жайгашкан жаны конуш тургундары, ошондой эле жети облустагы бардык соодагер, дыйкандарга кайрылабыз. Мурунку иштеп кайра жабылган “Дыйкан” базары мамлекет тарабынан кайра ачылды. Бул базар карапайым элдики. Бул эч кандай жеке фирма же жеке бир адамдыкы эмес. Базар “Кыргызтемир жолунун” балансында болгондуктан мамлекетке карайт. Президентибиз Садыр Жапаровдун элге, соодагерлерге жакшы шарт түзүп берүү аракетинин натыйжасы деп түшүнсөнөр болот. Мурда ушундай базардагы орундарды сатып алып, көнүп калышкан. Азыр орундар сатылбайт, убактылуу бекер, ижара акысы декабрь айынан баштап мамлекет коюп берген тариф менен төлөм болот. Башка менчик базарларга караганда ижара акысын арзан кылабыз. Мурда буга чейин иштегендер жерлерди соодагер, фермерлерге чоң суммаларга саткан, ошондон улам эл орун сатылабы деп чочулап калышкан экен. Дагы бир жолу айтам, орундуктар сатылбайт! Эч кандай коррупция иштери болбойт!

-Канча орундукка ылайыкташтырылган?
-Базар баарын батырат. Колдон келишинче келечекте да кардарларга, соода кылгандарга шартта жакшыртыла бермекчи.
-Бул жакта шаарыктар үчүн атайын жарманкелер болуп турабы?
-Ушул дем алыш күндөрү, 30-31-октябрда жарманкеге келип, азык-түлүк продукцияларын арзан баада сатып алып кетишсе болот. Ар бир дем алыш күндөрү жарманке уюштурулат.
-Мурда бул базарда тизилген чоң КаМАЗдар келип дүңүнөн жер жемиштерди сатып кетишчү. Азыр аларга да шарт түзүлгөнбү?
-Атайын чоң унаалар үчүн да, дүңүнөн да, чекене баада сата тургандарга да ылайыктуу орундар бар. Бул жерде айыл чарба продукциялардын баардык түрүн сатса болот.
-Базарда бааларды көзөмөлдөп турасыздарбы?
-Мурда орундар кымбат сатылгандыктан алар айла жок, сатып жаткан азык түлүктөрдүн баасын да кымбаттатышкан. Анткени сатып алган орундун акчасын кайра жабыш керек болчу да. Азыр деле ар кандай байлар, айрым чиновниктер, фирмалар келип биз иштетели деп жатышат. Мурдагы иштеп кеткен директорлор да кайра эле иштеткилери келип жатат. Ал кезде коррупция абдан күчөп кеткен. Бирок эми андай болбойт. Эми мамлекет койгон тарифти гана төлөшөт жана бирдей баада сатылат.
Бишкек шаарынын тургуну Орозгүл Ажымамбетова:
-«Дыйкан» базарына жакын Фучик көчөсүндө турам. Мурда бул базарды “Сары Өзөн” базарына көчүрүп салганда айла жок ошол жакка барууга туура келди. «Дыйкан» базары аты айтып тургандай эле берекелүү, арзан базар эле. Ушул аймакта жашаган кары картаңдарга да, карапайым элге да жакшы болчу. Азыр базар ачылат дегенде абдан кубанып турабыз. Азыркы базардын директору жакшы аракеттерди жасап жатат. Элдер ушул кайрадан келип, мурдагыдай иштей баштаса деген гана тилек. Күтүп жатабыз.







