Коом

Украинада каза болгон кыргыз жигит тууралуу окуянын чоо-жайы айтылды

Кечээ, 22-мартта Украинада согуштук аракеттерде 20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн кыргыз жигит каза болгону маалым болгон.   Маркумдун жакындары каза болгон жигиттин аты-жөнү Эгемберди Дорбоев экендигин, анын Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандыгын, армияга кызмат өтөөгө өткөн жылы кеткенин айтып беришти.

Орусиянын Норильск шаарынын башчысы Дмитрий Карасев Телеграм-каналына Эгемберди Дорбоевдин өлүмү тууралуу жазды. «Ал Норильскке жакында эле келген, армияга 2021-жылдын күзүндө чакырылган, кийин келишим түзүлүп, Белгород облусундагы чалгын батальонунда кызмат өтөп жаткан. Ал шайыр жана өтө боорукер жигит болчу. Анын жашоосунда үй-бүлөлүк баалуулук эң башкысы эле. Ал апасына дайыма жардам берип, колунан келишинче кам көрүп турчу. Анын жаркын элеси аны билгендердин жүрөгүндө түбөлүк калат», — деп жазган ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button