Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешти

Бүгүн, 1-ноябрь күнү Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драмалык театрында, кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык салтанатына арналган майрамдык иш чара болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.
Майрам ээлерин кесиптик күнү менен куттуктоого Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, областтык укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, фискалдык кызматтарынын жетекчилери жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү келишти.
Майрамдык иш чарасы милиция кызматкеринин күнүмдүк турмушун чагылдырылган сахналыштырылган кичи спекталинен башталды. 15 мүнөттүк театрлаштырылган көрсөтүүдө, баш каармандын кызыктуу, ошол эле учурда татаал жагдайга туш болгон окуясы баяндалат. Кезектеги кылмыш бетин ачкан милиция кызматкери, кылмыштан жабыркаган аялдын алкышын албастан, кылмышкердин энесинин каргышын да өзүнүн даарегине угат. Андан тышкары көрүүчүлөр, театрлаштырылган көрсөтүүнүн каармандары: милиция кызматкеринин жана кылмышкердин ички дүйнөсүн, алардын ар биринин турмушка болгон өздөрүнүн философиясын, кылмыштуулукка болгон көз карашын сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Театрлаштырылган көрсөтүүдөн кийин салтанаттык иш чара уланып, анда сөз алган Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Канат Джумагазиев, кесиптештерин кызуу куттуктап, Кыргыз милициясынын тарыхта эң чоң, олуттуу орду бар экендигин өзгөчө белгилеп, коомдун өнүгүшүнө бут тосуп, кедергесин тийгизип турган кесепеттерге тынымсыз иш жүргүзүп, күн жана түн дегенди билбей табигаттын татаал мезгилиндеринде да элдин коопсуздугун коргоп жүргөн милиция кызматкерлеринин түйшүгү көп эмгегинде, эл менен эриш-аркак иш алып барып, албан ийгиликтерди жаратууга тилектештигин билдирип кетти.
Майрам ээлерин куттукташкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Мирбек Кожоев, областтык укук коргоо жана фискалдык органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч структураларынын жана аскер бөлүктөрүнүн кол башчылары, коомчулуктун өкүлдөрү дагы өздөрүнүн күттүктоо сөздөрүндө милициянын жумушу канчалык түйшүктүү экендигин белгилешип, иштерине ийгиликтерди калоо менен ар дайым кызматтан үйлөрүнө кырсыктан тышкары болуп, аман-эсен келишин каалап кетишти.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Ысык-Көл ОИИБдин майрамдык буйруктары окулуп, кызматтарында өзгөчө алынган бир катар кызматкерлер, ардактуу ардагерлер, ошондой эле кызмат учурунда каза болушкан милиция кызматкерлеринин жубайлары сыйланышты.






