Окуялар

18 жаштагы кызды ала качып бараткандар кармалды. ФОТО

Чүйдө 18 жаштагы кызды Талас тарапка ала качып бараткан үч жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2-ноябрь күнү болжол менен саат 22:00дөр чамасында Чүйдөгү «Сосновка» өткөрүү пунктунан ала качуу фактысы аныкталган.

«Саат 21:30дар чамасында милиция кызматкерлерине «Ала-Тоо» совхозунан эки жигит 18 жаштагы кызды күч менен алып кеткендиги тууралуу кабарланган. Алар белгисиз автоунаа менен Талас тарапты көздөй кеткени айтылган. Мындан улам «Перехват» планы жарыяланып, «Сосновка» постунан Lexus үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган», — деп айтылат маалыматта.

Автоунаа ичиндеги үч жигит 18 жаштагы кызды күчкө салып алып кетип баратканы аныкталган. Алар Жайыл райондук тергөө кызматына жеткирилгени кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button