Бишкек: жолдогу карды 37 техника тазалап, 354 тонна туз себилди

Борбор калаанын жолдорундагы карды тазалоо үчүн 37 техника колдонулду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Кардын жаашы менен мэриянын коммуналдык кызматтары ишке киришип, түндө саат 1.30да көчөгө чыгып кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү башталганын айтышты.
«Саат 2:00дө «Тазалыктын» кызматкерлери 28 кар тазалоочу машина, 4 универсал машина, беш трактор менен чыгып жолдорду күрөп, техникалык туз чачууга киришти. Эртең мененкиге чейин 354 тонна туз коротулду. Ошондой эле 657 көчө тазалаган жумушчулар кадимки тартип иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Кар, муздан тазалоо, жолдорго жана тротуарларга туз себүү муктаждыгы жаралса мэриянын WhatsApp номерине 0554 182 185 жазып же күнү-түнү иштөөчү 1840 жана 1850 номерлерине чалса болот.



