Без рубрикиКоом
Бишкекте түнкү автобустар ишке киргизилет

1-июлдан баштап Бишкектин коомдук транспортунда чоң өзгөрүүлөр болот. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров » Биринчи» радиого берген маегинде билдирди.
Борбор калаада төмөнкүдөй өзгөрүүлөр күтүлүүдө:
-бардык каттамдар кайра каралып чыгат жана шаар тургундары үчүн кыйла ыңгайлуу уюштурулат;
-каттамдардын азыркы номерлөө системасы өзгөртүлүп, №1ден №72ге чейинки бирдиктүү тартипке келтирилет;
-жол кирени төлөө толугу менен накталай эмес форматка өтөт;түнкү автобустар ишке киргизилет.
Алар шаардын негизги райондорунун ортосунда саат 22:00дөн 05:00гө чейин болжол менен 40 мүнөттүк интервал менен каттайт.



