Коом

ВИДЕО: Шайлоонун үгүт иштеринде сайсий партиянын мыйзамсыз иштери аныкталды

04.11.2021-жылы саат 17:00 чамасында, Алай районунун Гүлчө айылына кире берүүчү айлампасынын түштүк тарабында жайгашкан “Россия” май куйуучу жайында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкер “Азаттык” саясий партиясы бекер күйүчү май (бензин) таратып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

05.11.2021-жылы Алай РИИБнүн КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 192-бер. 1-бөл.  каралган кылмыш   белгилери менен сотко чейинки өндүрүш катталган.

Тергөө учурунда, 2021-жылдын 3-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында “Азаттык демократиялык партиясы” саясий партиясынын ишенимдүү адамы, Ж. А Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан “Россия” май куючу жайынын улук оператору М.Б. менен жолугуп, өзүн Азаттык демократиялык партиясы саясий партиясынын Алай району боюнча штабынын жетекчиси катары тааныштырып, алдын-ала штабда даярдалган “”Азаттык” АЗС Россия АИ-92__литр, 04.11.2021 Ж.А.__” талон менен 2021-жылдын 4-ноябрында Гүлчө айылында жайгашкан Маданият үйүнө “Азаттык демократиялык партиясы” саясий партиясынын үгүттөө жолугушусуна келген жарандарга күйүүчү май куюп бересин деп 50000 (элүү миң) сом Б.Мга таштап кеткен.

Жогорудагы таштап кеткен акча каражаты жетпей калгандыктан, А.Ж., 2021-жылдын 4-ноябрь күнү саат 17:40 чамасында “Россия” май куючу жайынын улук оператору Б.Мга жолугуп, автоунаалардын айдоочулары таштап кеткен талондор менен бирме-бир эсептешип, кошумча 30000 (отуз миң) сом акча каражатын тапшырган.  Жалпысынан  А.Ж жалпы 80000 (Сексен миң)сом акча каражатын “Россия” май куючу жайынын улук оператору Б.Мга берип, тийиштүү адамдарга өзү жасаган талондун негизинде бензин таркаткандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы май куюуучу станциянын видео-тасма каражаттарынын тасмалары алынып, анын негизинде бензин куюлган 48 автоунаа аныкталып, айдоочуларды алып келүүгө тапшырма берилди, ошол күнкү жолугушуу боюнча толук иш кагаздары алынды. Андан сырткары кошумча күбөлөр, айдоочулар сурак кылынып, А.Ж тарабынан бензинге талон таркатылганы боюнча маалыматты тастыктап беришкен, андан сырткары “Азаттык демократиялык партиясы” саясий партиясынын Алай району боюнча штабы жайгашкан жайды А.Жнын катшуусунда кароо учурунда, жогорудагы жасаган талонддордун файлдары иштетишкен компьютерде бар экендиги аныкталган.

2021-жылдын 7-ноябрында Кыргыз  Республикасынын ЖКнин 192-бер. 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Биринчи май районунун тургуну 72 жаштагы Ж. Ага шектенүү жөнүндө кабарлама берилген.

 2021-жылдын 8-ноябрында А.Ж ден-соолугу начарлап, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жүрөк оорулар, реанимация бөлүмүнө жаткырылгандыгы туурасында анын жактоочусу тарабынан Ош шаардык клиникалык  ооруканасынын нөөмөткер дарыгери М. А. тарабынан жазылган  тастыктамасы алынып келинген.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча  тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button