«Түндүк электр» ишканасынын унаасы күйүп 3 кызматкер каза болгон окуя боюнча комиссия түзүлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда каза болгон «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлеринин окуясы боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
«Азыр кызматкерлерибиздин сөөгү өлүкканада. Ал эми бул окуя боюнча комиссия түзүлүп, азыр териштирүү башталды. Унаа боюнча да териштирүү жүрөт, андан соң кенен маалымат беребиз»,- деди басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда УАЗ оор жүк ташуучу унаасы менен Тойота Ипсум жеңил автоунаасы сүзүштү.
«Авто кырсыктын кесепетинен оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккан. Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, саат 17:55те толук өчүрүлдү.
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркады. Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришти», — дешти мекемеден.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 6 киши жаракаттарды алганы, ошондой эле кагылышуудан улам жүк ташуучу унаа күйгөнүн ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкан.



