Окуялар

Новопокровка айылында өрттөн эки киши каза болду

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Новопакровка айылынын Ленина көчөсүндө жайгашкан кафенин кароолчусу жайгашкан бөлмөдөн өрт чыккан.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, өрттөн 6 чарчы метр кароолчунун бөлмөсү толугу менен күйүп, өрттүн кесепетинен бөлмөнүн ичинде эки орус улутундагы адам каза болгон.

«Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, саат 06:50дө толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button