Окуялар

УКМК Сирия, Ирактагы согушка катышууга шектүүнү кармады

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети “Күрд жумушчу партиясы” террордук уюмунун мүчөсү аныкталып, кармалганын кабарлады.

Атайын кызмат 14-декабрда тараткан маалыматка ылайык, шектүү Сирия, Ирак мамлекеттериндеги согуштарга катышып, эл аралык издөөдө жүргөн. Орусиянын күч түзүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш аракеттердин негизинде ал Москва шаарында жасалма документтер менен жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

Шектүү Талас облусунун тургуну. Орусиядан Кыргызстанга 12-декабрда экстрадицияланды.

УКМКнын 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button