Сооронбай Жээнбеков: «Мени эч ким коркуткан эмес»

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаров тарабынан айтылган, кызматтан кетүүгө аны мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мажбурлаган деген билдирүүгө жооп берди.
«Кабар» агенттигине берген маегинде Жээнбеков кызматтан кетүү чечими ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күнгө созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынганын айтты.
«Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ошол учурда премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөшүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында кызматымды тапшыргам. Муну баары билет. Азимбек Бекназаров болобу же башкасы болобу, эгер “Ташиев Жээнбековду коркутуп, арыз жазууга мажбурлаган” деп айтса, бул ошол кездеги кырдаалды билбеген адамдардын ойдон чыгарган жомогу гана. Эмне себептен мындай сөз айтканын түшүнбөйм. Мен беш жылдан бери эч кимге комментарий берген эмесмин. Бул тууралуу ошол мезгилдеги окуялар бурмаланбашы үчүн гана айтып жатам», — деди Жээнбеков.



