Дүйнө

Балдарды коронавируска каршы эмдөөгө Дүйнөлүк уюм каршылыгын билдирди

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму балдарды жана өспүрүмдөрдү COVID-19 илдетине каршы эмдөөнү сунуш кылбайт. Бул туурасында иммундаштыруу боюнча эксперттердин отурумунда айтылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Документте бул куракта коронавирус менен олуттуу ооруган учурлар аз экени, бир катар өлкөлөрдө калктын жогорку тобокелдик тобуна кирген катмарлары толук эмдөөдөн өтө электиги айтылат.

«Учурда дүйнөлүк уюм балдарды жана өспүрүмдөрдү коронавируска каршы эмдөөнү сунуш кылбайт. Анткени бул курактык топтордо илдеттин оор формасы менен жабыркагандар аз. Ошол эле учурда коркунуч жогору болгон топтордун арасында эмдөө бардык эле өлкөлөрдө толук жетишилген эмес», — деп айтылат маалыматтарда.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүндө 16 жаштан өйдө курактагы өспүрүмдөрдү эмдөө ноябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кабыл алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button