КоомСпорт

Кыргызстандык 13 спортчу Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Кыргызстандык спортчулар быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 13 жолдомо утуп алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жара спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.

Ал ошондой эле спортчулар дагы бир нече лицензия утуп алуусу мүмкүн экенин айтты.

Олимпиада оюндарына жолдомо уткан спортчулардын тизмеси:

  1. Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү);
  2. Денис Петрашов (сууда сүзүү);
  3. Бекзат Алмаз уулу (эркин күрөш);
  4. Амантур Исмаилов (грек-рим күрөшү);
  5. Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү);
  6. Мээрим Жуманазарова (аялдар күрөшү);
  7. Айпери Медет кызы (аялдар күрөшү);
  8. Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү);
  9. Узур Жусупбеков (грек-рим күрөшү);
  10. Эрназар Акматалиев (эркин күрөш);
  11. Айаал Лазарев (эркин күрөш);
  12. Сардана Трофимова (жеңил атлетика);
  13. Эрлан Шеров (дзюдо).

Быйыл Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин Париж шаарында өтөт. Медаль үчүн спорттун 45 түрү боюнча 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчү күч сынашат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button