Окуялар

Кореядан мыйзамсыз киргизилген Toyota Camry жана Bombardier унаалары аныкталды

Бажы мыйзамдарын бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кореядан Кыргызстанга 2025-жылы чыгарылган Toyota Camry жана 2024-жылы чыгарылган Bombardier Snow унаалары транзиттик декларациясыз жана товарды коштогон документтерсиз киргизилген.

Айып пул жана туумдарды кошкондо келтирилген зыяндын көлөмү 923 миң 472 сомду түзгөн.

Топтолгон материалдар Бажы кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын эки эселенген өлчөмү — 1 млн 846 миң 944 сом өндүрүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button