Окуялар

ВИДЕО: Ысык-Көлдө 50 миң сом акча талап кылгандыгы үчүн салык кызматынын кызматкери кармалды

Ак-Суу РИИБне Челпек айылынын тургуну арыз менен кайрылып, «Эрадил» аттуу белгисиз жаран, зомбулукту колдонуу коркутуусу менен андан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткандыгын маалымдап, мыйзам чегинде чара көрүүнү сураган.

Жабырлануучунун арызы райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 208 (Опузалап талап кылуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

27-декабрь күнү, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныктоо жана аны колго түшүрүү боюнча тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп,  ишке ашырылды. Жабырлануучунун үйүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен райондук милициянын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ак-Суу районуна караштуу Бурма-Суу айылынын 28-жаштагы тургуну М.Э. кармалды. Кийинчерек, кылмышка шектүү катары кармалган жаран Каракол шаарынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкери экендиги белгилүү болду.

Кылмышка шектелип кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда,- дейт  Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси   Сталбек Усубакунов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button