Коом

Кыргыз Республикалык майыптар коому балдарга жаңы жылдык белек тартуулашты. ФОТО

Кечээ, 28-декабрда Кыргыз Республикалык  майыптар коому жаңы жылга карата балдарга белек тартуулашты. Коомдун төрагасы Шүкүрбек Кучкачовдун айтымында мындай иш чара жыл сайын  майрамдарда жана жаңы жыл алдында өтүп турат.

-Бүгүнкү  иш чарада коомдогу 18 жашка чейинки майып балдарга жаңы жылга  атайын белек уюштурдук. Балдарга жаңы жылдык белектерди деле  өзүбүз даярдадык, эч жакка деле жардам сурап кайрыла алган жокпуз.  Буга чейин  кайрылып деле көрдүк, бирок демөөрчү чыкпагандан кийин өзүбуздүн  каражаттын эсебинен  белек даярдадык. Биздин  коомдо  жалпы республика боюнча 22 миң майып каттоодо турат. Ошонун 3 миңи жаш балдар. Ал эми Бишкек шаарында 256 бала бар. 100 баланы  белек алып кетүүгө чакырдык. Келе албагандарды ыктыярчылар үйлөрүнө жеткирип  беришет.  Мурда Бишкектеги Кыргыздрама театрында  жаңы жылда майып балдар менен майрам уюштурчубуз. Атайын Аяз ата, Аяз кызды чакырып, театралдаштырган концерт болчу. Балдар сүрөткө түшүп, көңүл ачып кетишчү.  Андан кийин белектерди берип узатып койчубуз.  Азыр болсо пандемияга карата андайларды токтотуп, ушундай чакан офиске чакырып белектерди таратып жатабыз,- дейт Шүкүрбек мырза.   

-Сиздерге Социалдык коргоо министрлиги тарабынан кандай көңүл буруулар, камкордуктар болуп жатат?

-Президенттин указы менен  майыптардын жөлөк пулдары жогорулатылып,  50-100 % га чейин көтөрүлдү. Жаңы жылдан кийин  да кошулат деп жатат. Кудай буюрса 10 жылдан бери көңүл бурулбай, жылбай жаткан  маселелер чечиле баштады. Президенттин кечээки кайрылуусунда 1-апрелге карата пенсияларыбызды көтөрүп беребиз деп  айтканын окудук. Бул жаңылыкка да кубанып жатабыз.

— Дастан Бекешов кайрадан депутат  болуп келди. Ал буга чейин депутат болуп турганда майыптардын маселесин көтөрүп, чечип берген учур болду беле?

-Ал мурун да депутат болгон, азыр да депутат болуп келди.  Биздин бир да маселебизди көтөргөн жок, башка эле маселе боюнча көп чыгып жатты.  Биздин маселебиз экинчи  орунга калып жатат. Эми дагы шайланып келди. Эми да үмүт кылып турабыз. Дагы да кайрылабыз. Жаңы кодекстер кирип жатат, биздин иштетип жаткан ишканаларыбыз кандай болот, кантип иштетебиз , ушундай маселелер менен ага кайрылабыз деп үмүт кылып турабыз. Депутат болобу министр болобу бизге консультация керек. Суранабыз, киребиз, кайрылабыз.

— Кетип жаткан 2021-жыл сиздерге кандай  жыл болду?

-2020-жылга караганда  2021-жылы ишканаларабыз иштеп, буйрутмаларды алып жаттык. Эмерек жасап жаттык, дагы деле жасап жатабыз.  Буюрса жакшы эле жыл болду. Коомдун мүчөлөрү   оорудан коргонуп, көпчүлүк жерлерге барбай,  ден-соолукту сакташты. Майыптардын  арасында көз жумгандар өзүнүн өнөкөт оорусу менен ооруп,  каза болгондор болду. Бирок вирустан көз жумгандар болгон жок, Кудай сактасын.

-Жаңы жылга кандай каалоо-тилектериңиздер бар?

-Элибизде тынчтык, бейкутчулук, ден-соолук болсун. Президентибиз айкөл болуп, экономикабыз оңолуп,  биз дагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулалы. Элибиз аман болсун! Майыптык азайсын! Берекелүү жыл болсун!

-Маегиңизге рахмат!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button