Коом

Бишкек: Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан 5 тонна таштанды чыгарылды

Жаңы жылдык майрамдан кийин Ала-Тоо аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалык жана тартипти «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 5 атайын техникасы менен 50 кызматкери камсыздашкан.

Таштандыларды тазалоо иштери аянттан тышкары, Логвиненко көчөсүндө, Ак үйдүн айланасында, Панфилов паркында, Агропром имаратынын айланасында, Шопоков жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button