Францияда коронавирустун дагы белгисиз жаңы штаммын табышты

Франциянын Марсель шаарында коронавирустун жаңы штаммы табылгандыгын Марселдеги жугуштуу ооруларды изилдөө борборунун (IHU) изилдөөсүндө айтылган. Бул тууралуу РИА Новости MedRxiv порталына шилтеме кылып жазды.
Изилдөөнүн жыйынтыгында Франциянын түштүк-чыгышындагы шаардын 12 жашоочусунун анализи коронавирустун варианттарына байланышкан, мутацияланган «типтүү эмес комбинацияны» көрсөткөн. Окумуштуулар B.1.640.2 деп аталган коронавирустун жаңы варианты 2021-жылдын ноябрында Камерундан келген кишиден табышкан. Алынган анализден окумуштуулар 46 мутация аныктаган.
«Ошентип геномдук мутация «IHU» (биздин университеттин аталышын бердик) деп аталып, биз атаган жаңы вариантты көрсөтүп жатат», — деп билдиришкен медик-изилдөөчүлөр.
Андан мурдараак аткаминер январь айында COVID жана башка илдеттерден улам өлкөнүн ооруканаларында кыйын абал түзүлөрүн билдирген эле.



