Коом

Москвада түн ичинде 30дан ашуун учкучсуз учуучу аппараттар атып түшүрүлдү

Москванын мэри Сергей Собянин түн ичинде абадан коргонуу күчтөрү шаарга багытталган 30дан ашуун учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн телеграм-каналында билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, биринчи дрон жарым түн алдында жок кылынган. Андан кийин чабуулдар бир нече толкун менен уланган:

00:13–00:43 (мск) ортосунда дагы үч дрон атып түшүрүлдү;

01:07–01:54 (мск) аралыгында беш аппараттын жок кылынганы белгилүү болду;

Онынчы дрон тууралуу кабар 02:05те тарады.

Таңга жуук дрондор топ-тобу менен атып түшүрүлгөн: алгач алты, андан кийин 02:33тө беш, 11 мүнөттөн соң дагы жети дрон, акыркы үчөөсү 02:57 жана 03:10 (мск) маалында бутага алынган.
Жыйынтыгында 31 дрон атып түшүрүлгөнү расмий тастыкталды.

Калдыктар түшкөн аймактарда өзгөчө кырдаал кызматтары иштеп жатат.

Мунун алдында, 10-декабрдагы 08:02ден 11-декабрдагы 00:13кө чейин, Москвага багытталган дагы беш дрондун чабуулу тосулганын Собянин кабарлаган.

Ошол эле кезде аба каттамдарына да чектөөлөр киргизилди: 23:51де (мск) Росавиациянын өкүлү Артём Кореняко Шереметьево аэропорту учактарды кабыл алуу жана учурууну убактылуу токтотконун билдирди. Бир аз өткөндөн кийин, 00:59да, Внуково жана Домодедово аэропортторунда да рейстер убактылуу токтотулган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button