Саясат

БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыратты

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова депутаттык мандатынан ажыратылды.

Мындай чечим Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) бүгүн, 20-январдагы отурумунда кабыл алынды. Ага Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө КР УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгондугу айтылды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова отурумга катышкан Нарматованын өкүлүнө аталган чечим менен макул болбосо, анда сотко кайрылууга укугу бар экендигин айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button