Коом

Казакстанда сабалган Викрам Рузахуновго операция жасалды

Казакстандагы баш аламандыкка катышты делинип сабалган музыкант Викрам Рузахуновго операция жасалды. Дарыгерлер ага кабыргалары сынган, баш мээси чайкалган жана башка олуттуу жаракаттарды алган деген диагноз коюшкан. Мындай маалыматты ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Өлкөгө келген күндөн бери дарыланып жатам, үч ооруканага которулдум. Ооруга, азапка чыдаганымды туугандарым, медицина кызматкерлери гана көрүштү. Ушул күнгө чейин казакстандык маалымат каражаттарынын сенсациялуу видеосу менен жасаган акылсыз аракетин түшүнгөн эмесмин. Анткени камакка алуу учурунда уюлдук телефонумду, бардык буюмдарымды, акчамды, ID-картамды, айдоочулук күбөлүгүмдү, банк картасын алышкан, кийин эч нерсе кайтарылган жок, баары табышмактуу түрдө жоголуп кетти. Азыр абалым аздыр-көптүр турукташып баратканда менин алдымда болуп жаткан окуялардын толук картинасы пайда болууда. Мени аёого чакырып жатат деп ойлобогула, суранам.

Менин билдирүүлөрүм Казакстанда дагы деле барымтада тургандар үчүн жасалды. Көпчүлүгүнүн үй-бүлөсү, балдары бар, көбү карыган ата-энелеринин, майып эже-карындаштарынын жалгыз багуучусу.

Мен дароо эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө айта кетейин, мага интервью берүүгө тыюу салынган. Ошондуктан туугандарымдын, досторумдун тынчын албаңыздар. Ыраазычылык билдирүүсүн өзүнчө жазып, аракет кылгандардын, кайдыгер карабагандардын, менин кармалышыма чын жүрөктөн тынчсыздангандардын баарын айтууга аракет кылам», — деп айтылат билдирүүсүндө.

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button