Спорт

Бишкекте велосезондун салтанаттуу ачылышы болуп өттү

Кечээ, 3-апрелде Бишкектеги Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багында Дене тарбия жана спорт күнүнө арналган “Сергек жашоо – Дени сак муун” урааны астында 2022-жылкы велосезондун расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Расмий ачылышка «Вело Friends Позитив KG» АКнын президенти Данил Кыдыралиев, Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов катышты.

Жарышка ошондой эле иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн байгелерин ойнотууга 700гө жакын велосипедчилер катышты.

Мындан тышкары, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button