Саясат

Эмне маанилүү: мандатпы же агасынын айтканыбы?

Шаирбек Ташиев аз убакыт гана парламенттин депутаты болчудай өңдөнүп калды. Өткөн жекшембиде анын агасы, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев журналисттер менен жолугушуусунда Шаирбек Ташиев мандатын тапшыраарын айтты,- деп жазды белгилүү  блогер Чолпон Байзакова Фейсбуктагы баракчасына.

«Шаршембиде айрым ММКлар “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин Фейсбуктагы билдирүүсүнө таянуу менен депутат тийиштүү арызын БШКга жолдогонун жазып чыгышты.

Бул арыз БШК тарабынан каралат. Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңешке Жалал-Абаддын бир мандаттуу округунан шайланып келген. А эгер анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотуу чечими кабыл алынса, анда президент эки айдын ичинде ошол аймакка кайрадан шайлоо өткөрүү боюнча Жарлык чыгарышы керек. Мандатын тапшырган депутат кайрадан шайлоого катыша албайт.

Эгер кырдаал ушул схема менен өнүксө, анда Шаирбек Ташиев бир гана мандатынан эле эмес, мындан аркы саясий карьерасынан да айрылат. Шайлоодо Шаирбек Ташиевге добуш берген шайлоочулар УКМКнын башчысынын инисинин мындай тил алчаактыгын колдоого алышпаса керек. Келечекте эгер дагы бир ирет кайсы бир жерден талапкер болууну кааласа, шайлоочу аны шайлаардан алдын беш ирет ойлонушу мүмкүн. А кокус дагы мандатын тапшырып салсачы?

Ташиевге добуш берген жалалабаддыктар өз аймагы үчүн иштеп берет деп ишенишкен.

Бул кырдаалда Камчыбек Ташиев дагы жаңылыштык кетирет: инисин парламенттен чыгаруу менен 20 миңден ашуун шайлоочунун каалоосуна каршы иш кылган болот. Анткени, Шаирбек Ташиевдин мыйзамдуу шайланганы анык эмеспи.

Шаирбек Ташиевдин мандатына байланыштуу окуяда шайлоочулардын каалоосун эч ким сураган жок. Ошондо, УКМКнын башчысы “кызыкчылыгыбызды парламентте коргоп берет” деп үмүт арткан депутатын кетирүү менен карапайым калктын укугун бузган болуп калбайбы.

Акыркы убактарда болуп жаткан окуялардын баары Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн жактоочусу катары кабыл алган журналист Болот Темировдун “иликтөөсүнө” бийликтин реакциясы экени түшүнүктүү. Муну түшүнсө болот, бирок негиздүү эмес.

Бул жаатта Болот Темиров максатына жетти: укук коргоо органдары тарабынан баңгизатты колдонууга шектелип кармалгандан кийин өзүнө өтө ыраазы болгон, ал турмак кубанган түрү менен чыкты – анын провокациялык материалы ушунчалык хайп жаратты, ал мынчалык ийгиликтүү болуп кетээрин ойлонбосо деле керек.

А эгер ушундай иликтөөнүн жыйынтыгында, Камчыбек Ташиевдин инисинин мандаты да тартууланса, анда чыныгы триумф болот. Аны менен УКМКнын башчысы келечекте ушул сыяктуу окуяларды жаратууга мүмкүнчүлүк берет – жөн жерден ызы-чуу чыгарып койсоң болду, бийликти каалагандай бийлетесиң.

Шаирбек Ташиевдин мандаты – бул болгону закуска, негизги тамак – учурдагы президенттин бардык бийлиги жана анын командасы.

Шаршембиде Бишкекте УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин инисин колдогон акция болду. Жогорку Кеңештин алдына чогулгандар Шаирбек Ташиевден агасынын айтканына көнбөөнү, мандаттан баш тартпоону талап кылышты.

“20 миң адам Шаирбек Ташиевди шайлады. Эмнеге кетиши керек? Агасынын дагы мандатыңды тапшыр деп айтууга укугу жок. Керек болсо эл өзү депутаттарды шайлайт, кайра өзү кетирет. Биздин депутатыбызды тынчына койгула, беш жыл иштесин”, — деди акциянын катышуучулары.

Балким, жалалабаддыктар бул темада нааразычылыгын билдирүүнү ушуну менен токтотпосо керек,” — деп жазды Чолпон Байзакова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button