Коом

Жолдошбек Көлбаев Азия дзюдо биримдигинин вице-президенти болуп кайра шайланды

26-апрелде Кувейтте Азия дзюдо биримдигинин кезектеги конгресси болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти, ошондой эле Дзюдо боюнча борбордук зонасынын вице-президенти Жолдошбек Көлбаев катышты. Ал 4 жылдык мөөнөткө Азия дзюдо биримдигинин вице-президенти болуп кайра шайланды

Конгресске Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдүн федерациялары кирген Борбордук зонанын 2019-жылдын апрелинен 2023-жылга чейинки мезгилдеги иши тууралуу вице-президент Жолдошбек Көлбаевдин отчету угулду.

Конгресске Азия дзюдо союзунун президенти Аль Анзи Обейд, 31 Азия федерациясынын президенттери жана өкүлдөрү, ошондой эле Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button