Окуялар

Бишкекте аялдын колунан баштыгын жула качканга шектүүлөр кармалды

Бишкекте аялдын колунан баштыгын жула качканга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Э.Ч. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 26-январда саат 1:30 чамасында Медеров жана Бектенов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар баштыгын жула качып, унаа менен из жашырып кетишкенин билдирген.

Издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 32 жаштагы Т.Т. жана 26 жаштагы А.А. аттуу адамдар кармалган.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button