Окуялар

Алты миллион сомдон ашык акчаны алган. Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип, УКТнын мүчөсү кармалды

2020-жылдын сентябрь айында Балыкчы ШИИБге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында, каржы пирамидасы боюнча элдер ызы-чуу болуп жаткан учурда, анын ишине эки чала тааныш балдар келишип, эгерде милиция алардын каржы уюмунан акча каражаттарды конфискация кылышса, кардарларыңарга кайра кайтарып бере албай каласыңар дегендиктен, кассадан 6 миллион 4 миң 400 сомду аларга берип, кайра кайтара албай калгандыгын билдирген.

Аталган факт Балыкчы шаардык милициясынын КЖБРне катталып, алдамчылык кылмышы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жакында, шаардык милициянын ЭММКАКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып кармалды. Ал, мурда соттолгон, КР ИИМдин атайын каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган, 27 жаштагы жергиликтүү тургуну С.К. болуп чыкты.

1-февраль күнү, Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 256 (Айыптоо актысы) беренесинин негизинде, шектүү жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси боюнча айыбы угузулуп, соттун кароосуна жиберүү үчүн, кылмыш иши шаардык прокуратурага жиберилди, -деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button