Коом

Алымкадыр Бейшеналиев: «Сабырбек Жумабеков эми ордун сактап кала албайт»

Бүгүн, 3-февралда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турдан кийин маалымат жыйын берди.

Маалымат жыйында Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков ордун сактап кала албай турганын айтты.

«Ал өзүнүн ордун сактап калгысы келип жатат. Бүттү, ал сактай албайт. Процесс өттү. Ал өзү башкарып эле отургусу келип жатат. Эгер бир нерсе болуп укук коргоо органдары текшерип калса, ал көп ката кетиргендиги үчүн жооп берет. Өзүн директор коюп, өзү билип операция кылып жүргөнүн текшерсе, жооп берет.

Мен сурадым, «2004-жылы сени ким дайындаган?» десем ошол кездеги Бишкектин мэри дайындаптыр. Андан кийин Иса Өмүркулов койгонун айтты. Андан кийин эч ким койгон эмес. Мага арыз жазайын деди, мен албайм, мэрге бар дедим. Мэр дагы албай коюптур. Эми өзү эле бир нерсени ойлоп тапканы турат», — деди Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button