Саясат

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) 3-февралдан 6-февралга чейин болгон иш сапары аяктады, — деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине катышып, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, бүгүн, 6-февралда Бишкекке кайтып келди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button