Дүйнө

АКШда жапайы бугулардан коронавирус табылды

АКШнын Пенсильвания университетинин окумуштуулары жапайы бугулардан коронавирустун омикрон штаммынын антителолорун табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окумуштуулар Статен-Айленд аймагындагы 131 бугуга тест өткөрүп көрүшкөн. Жыйынтыгында 19 бугудан коронавирустун омикрон штаммы аныкталган. Андан соң башка аймактарда, тагыраагы 15 штаттагы бугулардан да табылган. Ал эми бул жаныбарлар COVID-19 вирусун адамдардан жуктуруп алганы маалым болгон.

«Учурда вирустун жаныбарлардан адамдарга жугат деген далил жок. Бирок окумуштуулар жаңы штамм жаныбарлар арасында жайылып кетиши мүмкүн деп кооптонушууда», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button