Коом

Алматыда Рузахунов менен Сыдыковдун иши боюнча иликтөө уланууда

Кыргызстандын Акыйкатчы институту менен Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Алматы шаарына барып, кыргызстандык жарандардан кабар алышты.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн, 9-февралда Кыргызстандын делегациясы Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Нурлан Ауганбаев менен жолукту.

Ауганбаев Казакстанда кармалган кыргызстандыктарга керектүү укуктук жардам берилерин айтып, январь окуялары учурунда кармалып, сабалып, кийичнерээк бошотулган Кыргызстандын жарандары Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыков боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Укук коргоочулар сапардын алкагында Алматыдагы жабык жайларды кыдырат, бул шаарда жашап, иштеген кыргызстандык эмгек мигранттары менен жолугат.

10-февралда кыргыз делегациясы Казакстандын Акыйкатчысы Элвира Азимова менен Тараз шаарында жолугары пландалган. Кыргызстандын Омбудсмен аппаратынын алдын ала маалыматына караганда, Таразда эки кыргызстандык камакта жатат.

Сыдыков жана музыкант Рузахунов январдын башында Казакстандагы башаламандык учурунда казак полициясы тарабынан кармалып, ур-токмокко алынган. Бир нече күндөн кийин кыргыз бийлиги жана активисттердин талабы менен бошотулган.

Жыл башында коңшу өлкөнүн Мангыстау облусунда тутанган нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылып кеткен. Кээ бир жерлерде башаламандыктар кан төгүү менен коштолгон.

Расмий маалыматка ылайык, кандуу окуяларда 227 киши каза тапкан. Бирок укук коргоочулар бул сан мындан көп экенин айтып келишет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button