Коом
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Гүлнара Баатырова аталган кызматтан бошотулду. Бул боюнча президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон.
Ал эми министрдин милдетин убактылуу Жылдыз Полотова аткарып турмакчы. 49 жаштагы Полотова буга чейин Баатырованын орун басары болуп иштеп келген.



