Окуялар

Аламүдүндө кыздын чачын жулуп, жанындагы жигиттерди тоногон шектүүлөр кармалышты

2022-жылдын 8-февраль күнү Аламүдүн РИИБүнө  бир нече  жигит жана кыздар арыз менен кайрылышыкан. Анда 8-февралга караган түнү болжол менен саат 02:30 чамаларында Таштар-Ата айылындагы панорамадан 1998-жылы туулган Т.А. жана 1990-жылы туулган О.Т. аттуу балдарды бейтааныш эркек балдар эч себепсиз урушуп, алардын бири эки кыздын чачынан чоюп коркутуп, алардын эки телефонун жана 10 миң сом акчасын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шетелип 1992-жылы туулган Т.Ж., 1993-жылы туулган А.У., 1988-жылы туулган  Ж.Т. жана 1989-жылы туулган О.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button