Окуялар

Караколдо «Кыргызтелекомго» таандык кабелдерин уурдоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды

9-февраль күнү Каракол ШИИБне «Кыргызтелеком» ААКнын Ысык-Көл облустук филиалынан жолдомо түшүп, анда шаардын аймагында байланыш кабельдер уурдалып жаткандыгы маалымдалган. Алардын маалыматы боюнча, 3-февралда белгисиз адамдар узундугу 7,5 метрди түзгөн ТПП 20х2 үлгүсүндөгү кабельди Аманбаев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинен кесип уурдап кеткендиги билдирилген. Материалдык зыян 5000 сомдон ашык түзгөн. 

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРге катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал, 16 жаштагы жергиликтүү тургун Л.Н. болуп чыкты жана анын үйүнөн далил зат катары темир секатор, күйүп калган түрдөгү жез зымдар жана кабельдер алынды.

Шектүү жаранды сурак жүргүзгөндө, баш аягы 14 уурулук фактысын жасагандыгы боюнча өз күнөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, уурдалган кебельдерден жез зымдарын алып, аны түстүү металдарды кабыл алуу жайларына өткөрүп, түшкөн акчаны өз керегине жумшап жүргөн.

«Кыргызтелеком» ААКнын Ысык-Көл облустук филиалынын эсеби боюнча, 14 уурулуктун фактысынын кесепетинен мекемеге 100 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда, — деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button