Коом
Кыргызстанда 5 жыл аралыгында пенсионерлердин саны 100 миңге чыкты

Өлкөдө 5 жыл ичинде пенсионерлердин саны 100 миңге көбөйдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эмгек министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарасында билдирди.
Маалымат боюнча, 2021-жылы пенсионерлердин саны 715 миң болсо, азыр 814 миңге жетти.
«Акыркы 5 жыл ичинде пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң сомдон 11 миң 200 сомго чейин көбөйдү. Бул дээрлик эки эсе өскөнгө барабар. Жыл сайын индексация жүргүзүлөт. Биринчи жолу мамлекет пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүн жашоо минимуму менен теңдештирди», — деп билдирди Касымалиев.



