Саясат
Садыр Жапаров : Мамлекеттик сыйлыктарды татыктуулар гана алышы керек

Мамлекеттик сыйлыктар чындап татыктуу жарандарга гана ыйгарылышы керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 14-сентябрда Президенттик администрациянын «Ынтымак Ордо» имаратында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айтты.
Анын айтымында, ал 21-апрелде сыйлоо системасын тартипке келтирүүгө, адилеттүүлүктү, калыстыкты жана ачыктыкты камсыз кылууга багытталган мыйзамга кол койгон.
«Сыйлоо системасы жаңыланып, мамлекеттик сыйлыктардын саны оптималдаштырылды жана алардын мааниси жогорулатылды. Эми сыйлык чындап татыктуу адамга гана тапшырылышы керек деген принципти так сактоо зарыл», — деди президент.
Жапаров адамдардын эмгегин өз убагында баалоо коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн жана жаш муун үчүн да стимул болорун кошумчалады.



