Коом

ТИМ: Кыргызстандыктар 15-сентябрдан тарта Таиландга визасыз кире алат

15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга турист катары 30 күнгө чейин визасы жок бара алышат. КР Тышкы иштер министрлиги өлкөгө кирүүнүн тартибин түшүндүрдү.

Аба же кургактагы транспорт менен каттаган жарандар бул визасыз режимди бир календардык жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес колдоно алышат.

Өлкөгө кирүү үчүн төмөнкү талаптар коюлат:

мөөнөтү бүтөрүнө кеминде алты ай калган жана жок дегенде эки бош бети бар Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту;

кайра кайтуу билети же үчүнчү өлкөгө учуу билети;

Таиландда жашай турган жайдын тастыктамасы (мисалы, мейманкананын брону);

сапарга чыгар алдында электрондук Thailand Digital Arrival Card (TDAC) картасын толтуруу зарыл.

“Таиландга баргандардын баары чек ара көзөмөлүнөн өтөт. Визасыз режим өлкөгө сөзсүз киресиз деген кепилдик эмес. Киргизүү же киргизбөө боюнча акыркы чечимди Таиланддын Иммиграция кызматы гана чыгарат”, — деп эскертти ТИМ.

Ал эми өлкөдө 30 күндөн ашык жүрүүнү пландагандар же туризмден башка максатта бара жаткандар тиешелүү визаны алдын ала тариздеп алышы керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button