Коом

ИИМ жана Агартуу министрлиги жаңы окуу жылына карата коопсуздук чараларын күчөтөт

15-сентябрда Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылы түрдө башталат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Агартуу министрлиги менен биргеликте билим берүү мекемелеринин айланасында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар күчөтүлөт.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери балдардын жолдордогу коопсуздугун камсыздап, жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп, окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер арасында профилактикалык иштерди жүргүзүшөт.

ИИМ айдоочуларды мектептердин жанынан өтүүдө этият болууга, ылдамдыкты азайтып, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Ал эми ата-энелерди балдарына жолдо коопсуз жүрүм-турум эрежелерин эскертип, үйдөн мектепке чейинки коопсуз маршрутка көңүл бурууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button