Коом

Министр Бейшеналиев жабылат деген 17 медициналык окуу жайды атады. ТИЗМЕ

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда жабыла турган 17 жеке менчик медициналык окуу жайдын (медициналык бөлүм же факультеттер) тизмесин берди.

Алар:

1.Бишкек финансы-экономикалык академиясы (АДАМ университети);
2.»Ала-Тоо» эл аралык университети;
3.Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
4.Эл аралык медицина жогорку мектеби;
5.Кыргызстан эл аралык университети;
6.»Салымбеков университет» мекемеси;
7.»Авиценна» эл аралык медицина университети;
8.ЕУ эл аралык медицина университети;
9.Эл аралык медицина университети;
10.»Роэль Метрополитен» университети;
11.»АВС» академиясы;
12.Эл аралык медицина жана илим университети;
13.Бишкек эл аралык медицина институту;
14.Илим изилдөө медициналык-санитардык институту;
15.Кыргыз медицина-стоматологиялык институту;
16.Ош эл аралык медицина университети;
17.Эл аралык илим жана бизнес университети.

Буга чейин саламаттык сактоо министриАлымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатканын, алар талапка жооп бербей турганын айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button