Коом

ИИМ: Бишкек шаарынын мектептеринин жетекчилерине баңгизаттарды алдын алуу тууралуу түшүндүрмө семинар өтүштү

Баңгизаттын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-мерчемдин алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борбору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жана Бишкек шаардык Кабылданган иммундук жетишсиздик синдром (СПИД) борбору №4 мектеп-гимназиясынын базасында Бишкек шаарынын Мэриясына караштуу мектептердин директорлорунун орун басарлары үчүн «Баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу», «Балдар арасындагы баңгичиликтин алдын алуу», «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жоопкерчилиги» жана «Дары-дармек баңгилиги» — темаларында семинар өткөрүлдү.

Семинарда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери кызматтын негизги иш багыттары тууралуу айтып берип, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жөнүндө баяндаган социалдык-профилактикалык видеороликти көрсөттү.

Эмнеге көңүл буруу керек, өспүрүмдөрдүн баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштуу аракеттерге аралашуусуна жол бербөө үчүн кандай чараларды көрүү керек экендигин айтып берди.

Жыйындын соңунда Ички иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккан өспүрүмдөр арасында баңгиликти алдын алуу боюнча жана өспүрүмдөрдүн арасында баңгичиликти жана токсикоманияны алдын алуу боюнча ата-энелерге эскерткичтер таратылды,- деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button