Коом

Балыкчыда белгисиз балдар айдоочуну сабап, унаасын ээлеп алышкан. Милиция шектүүлөрдү кармады

Балыкчы ШИИБге 29 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Ал өз арызында 7-февраль күнү саат болжол менен 06.25 чамасында Абдрахманова жана Интернациональный көчөлөрүнүн кесилишинде досу менен «БМВ» үлгүсүндөгү унаасынын салонунда болгонун түшүндүргөн.

Бул учурда белгисиз балдар унаанын жанына келишип, алгач унаанын айнектерин сындырып, аларды көчөгө алып чыгып, сабай башташкан. Андан соң, унааны ээлеп алышып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. 

Арыз Балыкчы ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211 (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) жана 280-беренелердин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Андан тышкары, алынган жаракаттын оордугун аныктоо үчүн жабырлануучуларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр көпкө узабай кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалгандар Балыкчы шаарынын тургундары, 22 жаштагы А.Н., 21 жаштагы С.А. жана 19 жаштагы М.А. болуп чыгышып, аларга кылмыш ишинин алкагында айыптары угузулду.

Кылмышка шектүү жарандар соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, шаардык милициянын убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button