
ИИМдин маалыматы боюнча, милиция ыкчам каналдар аркылуу бизнесвумендин үйүн карактоо пландалганын билип калган. Анан кылмышкерлер келер убакта үйдүн тегерек-четине жашынып күтүп турган. Чынында эле 13-январда кечинде эки киши кирип келген. Алар үйдөгү аялды өлтүрүп, тоноп кетүүгө камынганы белгиленди.
Шектүүлөр жеринде кармалды. Кылмыштын уюштуруучусу делип мурда соттолгон 59 жаштагы Жалал-Абаддын тургуну да колго түшкөн.



