ТИМ: Орусиядагы кыргызстандык мигранттар аскерге чакырылган эмес
Орусияда жүргөн кыргызстандыктарды аскердик машыгууга, анын ичинде согуш жүрүп жаткан аймактарга чакырууга болбойт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык жана консулдук мекемелерине кыргызстандыктардан мындай мүнөздөгү билдирүүлөр жана кайрылуулар түшкөн эмес.
«Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык жана консулдук мекемелерине Кыргыз Республикасынын жарандарынан мындай билдирүүлөр жана кайрылуулар түшкөн эмес. Кыргыз Республикасынын «Жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка чакыруу бир гана Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлөт. Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын орус органдары тарабынан аскердик жыйындарга, анын ичинде согуштук аймакка чакыртылганга мүмкүн эмес. Этникалык кыргыздар болгон Орусиянын жарандарын аскердик жыйындарга чакыруу Орусия Федерациясынын мыйзамдары менен жөнгө салынат»,— деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин укук коргоочу Валентина Чупик кыргызстандык мигранттар Орусия Федерациясына аскердик кызматка чакырылып жатканын билдирген.



