Коом

Монголияда кыргызстандык эки баланын жүрөгүнө акысыз операция жасалды

Монголия хирургдары кыргызстандык эки баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, операция 21-22-февралда Улан-Батордогу клиникада жасалган.

«Операция чыгымын толугу менен монгол тарап мойнуна алган. Балдар Кыргызстанга келип, аларды министр Алымкадыр Бейшеналиев тосуп алган. Учурда эки баланын тең абалы жакшы», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин билдирмеси боюнча, монголиялык дарыгерлер Кыргызстанга февраль айынын башында келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын медициналык кароодон өткөрүп кеткен. Ушул сыяктуу дагы бир нече операция жасалары кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button