Коом

Жыл аягына чейин “Эл Аман” дарыканасынын саны 100гө жетет

Быйыл жыл соңуна чейин “Эл Аман” дарыканасынын саны 100гө жетет. Азыркы тапта республика боюнча 82 дарыкана ачылды. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын “Эл Аман” дарыкана тармагынын жетекчиси Замир Акаев билдирди.

Мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы калкты жеткиликтүү баадагы дары-дармек менен камсыздоо максатында ачылган. Анда дарылардын баасы башка дарыканаларга салыштырмалуу 10-15 пайызга чейин арзан болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button